• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
848 Категория: Политика - Published: 24/09 - 12:24

БИШКЕК, 24-сентябрь. — Eurasia Today. Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сироджиддин Мухриддин БУУнун башкы катчысынын орун басары Розмари Дикарло менен чек арадагы кырдаалды талкуулады.

Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өткөн.

"Жолугушуунун катышуучулары кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экендигин билдирди. Мындан сырткары, 19-сентябрда кол коюлган протоколдогу макулдашууларды аткаруу маанилүү экендиги белгиленди", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 14-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу агрессиясынан  59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркап, 140 миңге жакын киши эвакуацияланган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.95
+0.00
EUR
89.72
+0.32
KZT
0.18
0.00
RUB
1.35
+0.12
TJS
8.27
0.00
TMT
24.13
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-7°C Москва
-20°C Астана
-15°C Бишкек
-14°C Алматы
-1°C Дүйшөмбү
 0°C Ашхабад
-13°C Ташкент

Соцсети