• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
665 Категория: Политика - Published: 20/09 - 10:57

БИШКЕК, 20-сентябрь. — Eurasia Today. Жамааттык коопсуздук келишими уюму Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы талаштуу маселелерди саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салуу үчүн ортомчулук аракеттерди күчөтүүгө даяр.

Бул тууралуу ЖККУнун катчылыгынан билдиришти.

"Талаштуу маселелерди чечүү үчүн күч колдонуу аракеттерин кабыл алынгыс деп эсептейбиз жана саясий жана дипломатиялык ыкмаларга альтернатива жок экенине ынанабыз. ЖККУ туруктуу компромисске жетүү үчүн ортомчулук аракеттерди бардык жолдор менен активдештирүүгө даяр", -деп айтылат билдирүүдө.

Эки мамлекет тең “жамааттык коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү ролду ойноп, ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого чоң салым кошууда”,-деген.

«Мындан улам Бишкек менен Дүйшөмбүнүн конструктивдүү диалогу бул эки өлкө үчүн гана эмес, уюмга мүчө бардык мамлекеттер үчүн зарыл», - деп белгилеген катчылык.

Алар "Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-сентябрдан 17-сентябрга чейинки аралыкта болгон кагылышууда каза болгондор тууралуу кабарды оор кабыл алышканын" кошумчалашат.

ЖККУнун катчылыгынын кезектеги каты: «Биз бир тууган эки өлкөнүн элдерине алардын башына түшкөн трагедияга байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтабыз»,-деп жыйынтыкталат.

Кыргызстандын расмий берген маалыматты боюнча, чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, 163 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү. Алдын ала эсеп боюнча 282 объект талкаланган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги 14-17-сентябрь аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Бирок алардын канчоосу аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин айтыша элек.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.45
0.00
EUR
88.96
0.00
KZT
0.18
0.00
RUB
1.37
0.00
TJS
8.27
+0.02
TMT
24.13
+0.01
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-13°C Москва
-24°C Астана
-4°C Бишкек
-6°C Алматы
+1°C Дүйшөмбү
+1°C Ашхабад
-3°C Ташкент

Соцсети