• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
2457 Категория: Политика - Published: 27/07 - 16:48

БИШКЕК, 27-июль. — Eurasia Today. Белгилүү саясат талдоочу Марс Сариев учурдагы Кыргызстанда болуп жаткан саясый кырдаал, оппозициянын көздөгөн максаты жана аларга карата  УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү тууралуу өз оюн айтты.

Ал “Sayasat.kg” маалымат каражатына мындай деген: “Каттуу чара көрүү менимче, туура. Себеби, акыркы учурда социалдык тармактар аркылуу кийинки революцияга чакырган маалыматтар көбөйө баштады. Азыркы бийликтин аброюн түшүрүп, эл менен бийликти карама-каршы коюуга аракеттенгендер да көбөйдү. Ошондуктан коркунуч бар. Өлкөнүн ичиндеги да, сыртындагы да азыркы бийликти алмаштырып, ордуна башканы алып келүүнү каалаган глобалдуу “оюнчулар” болушу мүмкүн. Байкасак, бир жылдын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүндө толкундоолор орун алды. Өзбекстанда, Казакстанда, Тажикстанда... Бир гана Түркмөнстан тынч. Анткени, ал жакта башынан мурдагы президент оппозицияны такыр жок кылып, уулуна бийликти тазалап өткөрүп берген. Ошондо, Кыргызстан калды. Ташиев жөн жерден айткан жок. Чынында коркунуч бар”,- деген М. Сариев.

Ошондой эле саясат талдоочу дүйнөлүк кризистин кыргызстандыктардын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизип жатканын жана аны бийликти алмаштырууну каалагандар өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракеттене тургандыгын билдирди.

“Учурда бир гана бизде эмес, дүйнөдө социалдык-экономикалык кырдаал күч. Бул дүйнөлүк кризистин кесепети. Дүйнө кабылган кыйынчылыктан Кыргызстан четтеп өтө албайт. Бирок так ушул нерсени бийликти алмаштырууну көздөгөндөр пайдаланышы мүмкүн. Революциялар элдин жакырланышынан улам болот. Өзүбүздүн бийликтен четтеп, ресурсу жок калган күчтөр, үчүнчү күчтөр дагы кризистен кыйналган элди бийликке каршы тукурат. Ошондуктан, бийлик элдин социалдык шартын жакшыртууга көбүрөөк басым жасашы керек”,- деди саясат талдоочу.

Белгилей кетүүчү жагдай, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев аталган маалымат каражатына берген маегинде өлкөдө ыңкылап уюштурууну каалаган күчтөрдүн "күлү көккө сапырыла" турганын эскерткен. Бул тууралуу ал оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймылдын" соңку билдирүүсүнө жооп берип жатып айткан. Бийликтин саясий оппоненттери Ташиевдин айткандарын ачык коркутуу, "опуза" катары баалап жатат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
81.57
0.00
EUR
79.55
0.00
KZT
0.17
0.00
RUB
1.36
0.00
TJS
7.92
0.00
TMT
23.16
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+10°C Москва
+14°C Астана
+16°C Бишкек
+13°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети