2361 Категория: Политика - Published: 25/07 - 15:12

БИШКЕК, 25-июль. — Eurasia Today. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ТИМ жетекчилеринин жолугушуусуна катышат.

Бул тууралуу Россия ТИМнин расмий өкүлү Мария Захарова Москвадагы брифинг учурунда айтты.

Андагы маалыматка ылайык, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Шанхай кызматташтык уюмунун ТИМ жетекчилеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Ташкентке барат.

«28-29-июлда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ташкентте өтө турган ШКУнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат», - деди ал.

Аталган жыйындын жүрүшүндө дипломатиялык ведомствонун жетекчилери алдыдагы мамлекет башчыларынын жолугушуусун жана эл аралык маселелерге баланыштуу көйгөйлүү жагдайларды талкуулаша тургандыгын кошумчалады Захарова.

Теги: