• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
2584 Категория: Политика - Published: 27/06 - 18:35

БИШКЕК, 27-июнь. — Eurasia Today. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында кесиптештерине нааразы болуп, жыйын залынан чыгып кетти.

Отурумда Евразия өнүктүрүү банкынын Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун бюджетти колдоо үчүн 160 миллион доллар кредит алуу келишимин ратификациялоо маселеси каралып жаткан.

Мадумаров финансы министрлигине каражаттын кайда жана кайсы багытта жумшаларын сурап, бирок канааттандырарлык жооп ала алган эмес.

Анын айтымында, ал биринчи окууда өкмөткө эскертүү берип, ийне-жибине чейин түшүндүрүп жазып келишин талап кылган. Бүгүн да суроо бергенде жооптуу кызматкерлер суроого эл өкүлү күткөндөй так жооп бере алышкан эмес.

Нааразы болгон Мадумаров ратификациялоо мыйзамын артка кайтарууну сунуштады. Документ экинчи жана үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө келгенде көпчүлүк депутаттар келишимди колдоду. Адахан Кимсанбаевич үчүнчү окууну кийинкиге жылдырууну сунуштады эле кесиптештери макул болбой коюшту.

"Өзү негизи кээ бир кишилердин катышып отурушунун деле кажети болбой калды. Керек болсо парламентте бир юридика бөлүмүнүн жетекчиси трибунага чыгып алып, конституция өттү десе бүт парламент макул болуп отурат. Сунуш берүүнүн да, сүйлөөнүн дагы кажети жок. Биз көппүз, билгенибизди кылып кете беребиз деп калдыңар", - деп кагаздарын жыйнап алып, жыйын залынан чыгып кетти.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети