• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
2216 Категория: Политика - Published: 24/06 - 10:54

БИШКЕК, 24-июнь. — Eurasia Today. Жогорку Кенңештин депутаты Исхак Масалиев казино мыйзамына ким кандай добуш бергенин коомчулукка жарыялады.

Анын айтымына караганда, добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча кагаз сураса, депутаттардын уруксатысыз “болбойт” деп бербей коюшкан.

Бирок эл өкүлү жыйынтыкты өзүнүн компьютеринен видеого тартып алып, фейсбуктагы баракчасына жарыялап жиберди.

“Кумаркана боюнча мыйзам долбоору боюнча ким кандай добуш берген деген кагаз талап кылсам, төрага кесиптештеримден уруксат алыш керек деп  бербей койушту. Мейли анда, мен компьютеримден алып эле чыгардым. Жашыруун маалымат эмес. Кызыккан киши көрсүн”, - деп жазган Масалиев.

Видеодон кумарканаларды кайра ачуу мыйзамын кимдер колдоп, кимдер каршы болгонун көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, 22-июнда ЖКда кумар каналарды кайра ачууга жол берген мыйзам долбоору төрт жолу добушка коюлган. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаттары жана "Ыйман нурунун" лидери Нуржигит Кадырбеков добуш бербей коюшуп, долбоор ара жолдо калган.

Аталган партиялардын өкүлдөрү ушундай жол менен мыйзамга каршылыгын билдиришкен.

Регламентке ылайык, жыйынга катышкан бир эле депутат добуш бербей койсо мыйзам өтпөгөндүктөн, төрага танапис жарыялап, фракция лидерлерин кеңешүүгө чакырган. Андан кийин кайра добушка койгондо ушундай эле көрүнүш кайталанып, 59 депутат "макул", 9у "каршы" добуш беришкен.

Талаш-тартыш менен коштолгон добуш берүүдөн кийин "көпчүлүк добуш менен кабыл алынат" деген нормага таянып чечим чыгарылган.

 Эми мыйзам долбоору президентке сунушталып, ал кол койсо, кабыл алынмакчы.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети