• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
2136 Категория: Политика - Published: 24/06 - 10:02

БИШКЕК, 24-июнь. — Eurasia Today. Бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин отуруму жана XI пленардык жыйыны өтөт.

Буга чейин анда түрк тилдүү мамлекеттердин алака-катышын чыңдоо, уюмдун атын өзгөртүп, логотибин бекитүү өңдүү маселелер каралары маалымдалган.

Кыргызстанга 23-майда Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Азербайжандын Улуттук Жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева баштаган делегациялар келди.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, 2023-2028-жылдарга карата ТүркПАнын стратегиялык жол картасын бекитишет. Ошондой эле социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралат. ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтүп, отурумдардын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат.

Жыйындын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

ТүркПА - Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттеринин кызматташтык уюму.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети