• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
2304 Категория: Политика - Published: 23/06 - 17:35

БИШКЕК, 23-июнь. — Eurasia Today. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Новые лица” басылмасына курган маегинде “Бийлик эмне үчүн сизден коркуп жатат?” деген маектешинин суроосуна “алар чындыктан коркушат” деп жооп берди.

Анын айтымында, ал азыркы бийликтен акыйкаттыкты күтпөйт.

"Алардын циркке окшош сотторунан тышкары, тарыхтын, элдин соту бар. Эң башкысы ушу. Барыбир чындык жеңет! Убакыт баарын өз ордуна коет", - деди мурдагы президент.

Анын айтымында, бийлик чындыктан корккон үчүн аны болбогон ар кандай кылмыш иштери боюнча абакта кармап жатат.

“Мени болбогон ар кандай кылмыш иштери боюнча абакта камап жаткандар менден ыраазычылык күткөндөрү кызык. Шартым жаман эмес. Бирок түрмө деген түрмө. Эгер бийликтегилердин кимдир бирөөсүнө менин камерам жакса, мен кубануу менен орун алмашам...”, - деди Атамбаев.

Басылманын “Өлкөдө тынчтыкты, стабилдүүлүктү сактоо үчүн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кандай кеңеш берет элеңиз?” деген суроосуна: “кеңеш, аны угууга даяр болгондорго берилет. Ал эми бүгүнкү күндө бийлик башка экс-президенттердин кеңешин угат”, - деп жооп берди.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети