• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
2266 Категория: Политика - Published: 23/06 - 12:57

БИШКЕК, 23-июнь. — Eurasia Today. Жогорку Кеңештин 23-июндагы жыйынында депутат Исхак Масалиев президент Садыр Жапаров казинолорду ачуу жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол койбошу керек деди.

Ал Садыр Жапаровдун парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылып, документти кабыл алууда мыйзам бузуулар болгону боюнча президентке маалымат берүүнү өтүндү.

“Сиз президентти мыйзам долбооруна кол коюудан баш тартууга көндүрүшүңүз керек. Өлкө тарыхында биринчи жолу парламенттин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Конституциянын беренеси тууралуу түшүндүрмө берүүдө. Бул жерде 90 депутат отурса, анын 80инин юридикалык билими бар. Анда келгиле аны төргө отургузуп коелу, ошол жерден чечмелей берсин. Конституцияны чечмелөө үчүн конституциялык сот жана Жогорку Кеңеш бар. Президент мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга жөнөтүшү керек”, - деди эл өкүлү.

Алмазбек Абытов мыйзамга кол коюу же койбоо президенттин өзүнүн укугу деп жооп берди.

"Биз ага кол кой же койбо деп кеңеш бере албайбыз", - деп кошумчалады аткаминер.

Кечээ, 22-июнда Жогорку Кеңеш Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду.

Документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду.

Талаш учурда депутат Дастан Жумабеков Конституция түздөн-түз иштей турганын айтып, анда "мыйзам долбоорлору көпчүлүк добуш менен кабыл алынат" деп жазылганын айткан. Жогорку Кеңештин аппаратынын юристи дагы ушул норманы айткан.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети