• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
2387 Категория: Политика - Published: 22/06 - 17:13

БИШКЕК, 22-июнь. — Eurasia Today. Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында кумарканаларды кайра ачуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Бул тууралуу 24.kg  агенттиги жазды.

Депутат Дастан Бекешев онлайн казиного каршы экенин айтып, анда балдар да ойношу мүмкүн экенин билдирди.

“Ооба, жолдорду куруу керек, социалдык көйгөйлөрдү чечүү керек. Бирок онлайн казинолор биздин балдарга зыян келтириши мүмкүн. Андан тышкары, коррупцияны мыйзамдаштыруу болот. Анда баңги затты да мыйзамдаштыралы, кылмыштуулуктун түрлөрүн мыйзамдаштыралы. Бизге акча керек да. Акчанын артынан сая түшүп, биз адеп-ахлакты унутуп жатабыз. Кээ бир кесиптештер беш маал намаз окуп туруп, казино мыйзамын колдоп жатышат”, - деди Бекешев.

Ага жооп кайтарган Балбак Түлөбаев балдар азыр деле онлайн казинолордо ойношорун, сайттарды бири-бирине 100 миң сомго чейин кайра сатып жатышканын айтып, бирок эмнегедир аны эч ким көрбөй жатканын белгиледи.

“Бардык жерде жабык казинолор бар, бирок биз аны көрбөй жатабыз. Башка өлкөлөрдө бар, бирок биз аны көргүбүз келбейт. Бир нерсе болсо эле анда сойкулукту мыйзамдаштыралы дей башташат. Келгиле анда арак заводдорду, чочко фермаларды жаап, Ирандагыдай шарият менен жашайлы. Минте берсек, талаш-тартыштын аягы бүтпөйт”, - деди Түлөбаев.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети