• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
2253 Категория: Политика - Published: 16/06 - 16:46

БИШКЕК, 16-июнь. — Eurasia Today. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге карата эки кылмыш иши боюнча соттук териштирүү аяктады.

Соттун өкүмү жарыяланган видеону мурдагы анын өнөктөшү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ирина Карамушкина Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Атамбаевге түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген жана Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууда кызматтагы абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган.

Сот жараяндын жүрүшүндө ал бул эки иш боюнча кылмыштын курамы жок деп акталды. Соттук отурумга судья Мирлан Терменчиков төрагалык кылды.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев тез жардам унаасы менен колониядан сотко алынып келинген. Бирок ал талаш-тартышта сүйлөөдөн баш тарткандыктан, акыркы сөзүн айттырып, кайра колонияга алып кетишкен.

Белгилей кетсек, мурдагы мамлекет башчыга бир нече, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция жана арам акчаны адалдоо фактылары боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле, өткөн жылдын жайында ага түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген жана 2020-жылдын октябрында массалык башаламандык уюштурган деген да айып тагылган.

Ал эми кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча саясатчы 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+29°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети