• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
2162 Категория: Политика - Published: 14/06 - 16:50

БИШКЕК, 14-июнь. — Eurasia Today. Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилип, тергөө абагында жаткан Алымкадыр Бейшеналиев ден-соолугунун абалына арызданды.

Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, анын дем алуусунун тездегени байкалган. Учурда абалы жакшы деп бааланууда.

"Алымкадыр Бейшеналиев гипертония менен жабыркайт. СИЗО ысык болгондуктан кан басымы көтөрүлгөн. Бүгүн ал текшерилүүдөн өтөт", - деди Бейшеналиевдин жактоочусу.

Абакиров ошондой эле Бейшеналиев азырынча бир эпизод боюнча — коронавируска каршы вакцина сатып алуу боюнча айыпталып жатканын белгиледи. 

"Ал өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жок. Бишкек шаардык соту биздин арызды 16-июнда карайт", - деди ал.

Эске салсак, 2-июнда Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган. Ошондой эле, министрликтин үч жооптуу кызматкери дагы коррупцияга шектелип кармалган.

Ошол эле күнү Бишкектин Октябрь райондук соту Бейшеналиевдин бөгөт чарасын бир айлык камак деп аныктап, алУКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Жактоочу сотто Бейшеналиевдин жүрөк оорусу бар экенин, ошондуктан, аны камоого болбой турганын жүйө келтирген.

4-июнда Алымкадыр Бейшеналиев менен кошо Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан убактылуу четтетилген. Буга Бейшеналиев боюнча териштирүү жүрүп жатканы жана экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке мамиле да себеп экени айтылган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети