• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1613 Категория: Политика - Published: 20/05 - 15:43

БИШКЕК, 20-май. — Eurasia Today. Кытайлык аткаминерлерге санкция коркунучунан улам чет элдик активдерге ээлик кылууга тыюу салынды. 

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. 

Маалыматка караганда, Кытайдын Коммунисттик партиясы өздөрү же жакындары аркылуу чет өлкөдө олуттуу мүлккө ээ болгон чиновниктердин кызматка көтөрүлүшүнө бөгөт коюуда.

Партия чет элдик кыймылсыз мүлккө жана чет элдик компаниялардын акцияларына ээлик кылууга тыюу салган ички көрсөтмөнү кабыл алган. Мындан тышкары, аткаминерлерге, алардын жубайларына жана балдарына жүйөлүү себептери болбосо (мисалы, окуу же иштөө) каржы мекемелеринде эсеп ачууга уруксат берилбейт.

Маалыматка караганда, буга чейин кытайлык айрым жогорку кызматтагы аткаминерлердин үй-бүлө мүчөлөрү карамагындагы чет элдик компаниялардын акцияларын сатышкан.

Мындай чектөөлөрдү кригизүү чечими Батыш тараптан мүмкүн болгон санкциялардын таасирин азайтуу үчүн Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан кабыл алынган.

Акыркы жылдарда АКШ Гонконгдо жарандык эркиндиктерди басуудагы ролуна шылтоолоп, кээ бир кытай аткаминерлерине чектөөлөрдү (анын ичинде активдерин тоңдурган) киргизген.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети