• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1689 Категория: Политика - Published: 17/05 - 16:08

БИШКЕК, 17-май. — Eurasia Today.  Парламенттик комитет “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясы парламенттеги  биринчи окууда жактырылган жок.

Мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинде биринчи окууда талкууланып, добуш берүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган жок.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында документтин концепциясын комитетке мүчө 12 депутаттын төртөөсү гана колдоду. 

Талкууда депутаттар бул мыйзам долбоору жергиликтүү кеңештер сыяктуу органдарга карама-каршы келерин, Конституцияда бир гана “Элдик курултай” тууралуу айтылганын, айылдарда, райондордо жана облустарда өзүнчө жергиликтүү курултай уюштуруу кереги жоктугун, бул  материалдык жактан кошумча жүк болорун айтышты.

Ошол эле учурда, долбоордун авторлору өз жүйөсүн келтирип, мыйзамдарга карата карама-каршылык жок экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, комитеттин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоору сегизинчи болуп жазылган, бирок президенттин өтүнүчү менен депутаттар аны кезексиз карай башташкан.

Президент сунуштаган конституциялык мыйзам долбоорун ушул жылдын 1-сентябрынан тартып жүзөгө ашыруу пландалууда. Аны 11 адамдан турган жумуш тобу иштеп чыккан.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети