• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1426 Категория: Политика - Published: 17/05 - 09:05

БИШКЕК, 17-май. — Eurasia Today. Президент Садыр Жапаров  16-майда, Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

Тет-а-тет форматындагы жолугушууда өлкө лидерлери  кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Путин тараптар ортосундагы мамилелер жалпысынан позитивдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Ал былтыркы товар жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүн белгилеп, Россия Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө ишенимдүү биринчи орунда тураарын кошумчалады.

Владимир Путин ЖККУ саммитинин аянтында биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн багыттарын көзмө-көз талкуулоого мүмкүнчүлүк бар экенин канааттануу менен билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, дагы бир жолу Улуу Жеништин 77 жылдыгы жана өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.  

Садыр Жапаров Россия  менен  бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууга даяр жана кызыкдар экенин билдирди.

 
Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети