1621 Категория: Политика - Published: 11/05 - 13:48

БИШКЕК, 11-май. — Eurasia Today. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Парламенттин жыйынында Казакстанга суу берүүнү токтотууну сунуштады. 

Ал кыргыз-казак чек арасында казак тарап ар кандай чектөөлөрдү коюп жатканына токтолуп, ушундай кырдаал улана берсе, Казакстанга суу берүүнү токтотуш керек деген пикирин айтты.

Маматалиевдин айтымына караганда, Казакстан ЕАЭБ боюнча келишимдердин негизинде жүктөрдү таптакыр текшербеши керек, бирок чек арадан жүк ташуучу унаалар текшерилип, тоскоолдуктар болуп, учурда электрондук эсеп-фактуралар киргизилип жатат.

“Казакстандын кайсы премьер-министри экенин билбейм, бирок казак тарап ЕАЭБ алкагында каралбай турган маселени эки тараптуу маселе деп чыгарып койгон. ЕАЭБ өзүнүн тийиштүү чечимин чыгарып берген, Орусия дагы тоспогула, бул экономикалык союз, тосконго болбойт, акыңар жок деп айткан.

Бирок тилекке каршы, казак тарап жүктөрдү тосуп, тоскоолдуктарды жаратууда.  Анда бир кесиптешибиз айткандай сууну бербегиле, жапкыла. Катуу айтып койдум бирок айла жок”, – деди депутат.

Буга чейин дагы бир канча жолу коңшу өлкөгө суу бербей, токтотуп салуу сунуштары айтылып келген.

Апрелдин аягында депутат Айбек Алтынбеков Казакстан Кыргызстанга экономикалык блокада кылып жатканын айтып,  аларга суу блокадасы менен жооп берүү керек деген пикирин билдирген эле.

Теги: