1171 Категория: Политика - Published: 09/05 - 15:45

БИШКЕК, 9-май. — Eurasia Today. Коргоо министрлиги – Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишинин 77 жылдыгын утурлай,  согуштун ардагерлерин куттуктады.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, башкаруу органдарынын жетекчилери – Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары: Турконакун Бейшембаев, Василий Пухарев, Асек Урманбетов, Арзыкул Мамарасулов, Хатим Сафин, Садыр Мамбетходжаев, Михаил Сухинин, Хусаин Мухамеджанов жана Бишкек шаарында жашаган башка фронтовиктерге барышып, жеңиш майрамы менен куттукташты.

Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерге жылуу куттуктоолордон тышкары азык-түлүк топтому камтылган  аскер мүшөгү жана “Фронттук 100 граммы” берилди.

Атайын уюштурулган куттуктоо – Коргоо министрлигинин аскердик-көрсөтмө оркестринин согуш жылдарындагы ырларын аткаруусу жана КР КК Улуттук гвардиясынын ардактуу кароол ротасынын көрсөтмөлөрү менен коштолду.

Теги: