1168 Категория: Политика - Published: 06/05 - 11:48

БИШКЕК, 6-май. — Eurasia Today. Түркмөнстандын бийлиги аялдардын өлкөдөн чыгуусуна толук тыюу салуу маселесин карап жатат.

Бул тууралуу түркмөн өкмөтүнө жакын эки булак билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Түркмөн бийлиги буга чейин да аялдарга болуп көрбөгөндөй чектөөлөрдү киргизип келишкен.

"Аялдардын өлкөнүн сыртына чыгуусуна тыюу салуу боюнча акыркы чечим чыга элек. Бирок бул маселе президенттин жана учурда Халк Маслахатынын төрагасынын кызматын аркалаган, мурдагы мамлекет башчысынын деңгээлинде олуттуу талкууланып жатат. Алдын ала планга ылайык, бардык аялдардын чет элдик паспортторун алып коюу каралууда. Талкууланып жаткан эрежелерге ылайык, мамлекеттик комиссиянын негизинде чет өлкөдө дарыланууга уруксат алган же өлкөнүн жарандыгынан чыккан аялдар үчүн гана уруксат берилет",- деп билдирген ишенимдүү маалымат берген булактар.

Маалыматта бул чектөөлөр чет өлкөлүк ЖОЖдорго барууну каалаган кыздарга да тиешелүү экени белгиленген. Себеби, түркмөн аткаминерлери чет өлкөгө чыгып кетип жаткан кыз-келиндер “өлкөнүн кадыр-баркын кетирүүдө” деп эсептешет.

Дагы бир маалымат булагынын билдирүүсүнө караганда, Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги менен Миграция кызматында түркмөн жарандары катышкан кылмыштарга байкоо салган атайын топ бар. Бул топ акыркы эки жылда башка өлкөлөрдө, анын ичинде Түркияда түркмөнстандыктар катышкан кылмыштар көбөйүп жатат деген бүтүмгө келген. Анын ичинде түркмөн кыз-келиндери сойкулук менен алектенген көп учур катталган. Алардын айтымында, аялдар гана Түркмөнстанды уят кылууда, ошондуктан аларды өлкөдөн чыгарбоону көздөп жатышат.

Теги: