БИШКЕК, 5-май. — Eurasia Today. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев коңшу мамлекеттер менен чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын Өкмөттүк делегациясынын туруктуу мүчөлөрү катышты.
Жыйында кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды.
КРнын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев белгилегендей, Өкмөттүк делегация Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш жүргүзүлөт, атап айтканда, коңшу мамлекеттердин делегациялары менен сүйлөшүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.
Кеңешменин жыйынтыгында Ташиев Өкмөттүк делегациянын мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.
Валюта курсу
Аба ырайы