• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1127 Категория: Политика - Published: 04/05 - 13:14

БИШКЕК, 4-май. — Eurasia Today. Президент Садыр Жапаров Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  3-майда өлкөгө расмий сапар менен келген Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстан менен Венгрия саясий диалогду активдүү колдоп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүшөт.

«Бизди кыргыз-венгр стратегиялык өнөктөштүгүнүн оң динамикасы кубандырат», — деди ал. Кыргыз тарап быйыл Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын мамлекеттик сапарын күтүп жатканын ырастады.

Мамлекет башчысы ошондой эле, министр Сийяртону жана «ФИДЕС» башкаруучу партиясын жакында болуп өткөн парламенттик шайлоодо жеңиши менен куттуктады.

Президент Садыр Жапаров Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону «Достук» ордени менен сыйлады, анын кыргыз-венгер мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүгүн жана достугун чыңдоого кошкон жеке салымын белгиледи.

«Биз буга Украинадан жүздөн ашуун жарандарыбызды эвакуациялоо учурунда дагы бир жолу ынандык», — деп белгиледи.

Өз кезегинде Петр Сийярто жылуу кабыл алгандыгы жана «Достук» ордени менен сыйланганы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мен бул сыйлыкты алганыма сыймыктанам. Бул мен үчүн Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча аракеттеримди улантууга түрткү берет», — деди ал.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети