1143 Категория: Политика - Published: 04/05 - 09:30

БИШКЕК, 4-май. — Eurasia Today. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ден соолугуна байланыштуу Германияга учуп кетти.

Бул тууралуу маалыматты жергиликүү басылмалар ишенимдүү булактарына таянуу менен жазып жатышканын билдиришүүдө.

Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин башчысы бүгүн, 4-майда учуп кеткен, бирок кайсы шаарда жана кайсы клиникада дарыланары айтылган жок.

Эске салсак, министрлер кабинетинин башчысы 28-апрелде жүрөгү ооруп М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.

Жүргүзүлгөн медициналык процедуралар миокард инфарктын тастыктаган эмес, бирок жүрөк тамырларынын спазмы аныкталган. 30-апрелде ал ооруканадан чыгарылып, ден соолугунун абалы туруктуу деп бааланган.

 

Теги: