658 Категория: Политика - Published: 19/01 - 13:28

БИШКЕК, 19-январь. — Eurasia Today. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркелге уюмдан кызмат сунуштады.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Гутерриш Меркелге бүткүл адамзатка пайда алып келе турган коомдук товарлар боюнча кеңеш берүүчү жогорку органга төрагалык кылууга чакырган.

Маалыматка караганда, БУУнун баш катчысы Германиянын мурдагы канцлерине кызмат сунуштап кат жазган. Меркелдин буга кандай жооп бергени тууралуу азырынча маалымдала элек.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Ангела Меркель Германиянын канцлери кызматынан расмий түрдө кетип, ордуна Олаф Шольц дайындалган.

Теги: