• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
611 Категория: Политика - Published: 18/01 - 12:27

БИШКЕК, 18-январь. — Eurasia Today. Депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага кайра чакырылып, бүгүн саат 9:30дан тарта сурак берип жатат.

Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу «Маралга» билдирген.

Мадумаров буга чейин кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча тергөө бөлүмүнө эки жолу келип, сурак берген.

Маалыматка караганда, саясатчынын тарапташтары тергөө имаратынын алдына чогулуп турушканы айтылууда.

Эске салсак, Адахан Мадумаров Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу тергелүүдө.

Буга чейин, президент Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп, Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Мадумаров жана  Нарматованын суракка чакырылышы боюнча комментарий берген.

«Колуң менен кылганды мойнун менен тарт» дейт кыргызда. Коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек эле», - деп айткан өлкө башчы.

 

 

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-4.04
USD
79.87
0.00
EUR
84.48
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.30
0.00
TJS
6.42
-3.47
TMT
22.82
-3.81
UZS
0.01
-2.70

Аба ырайы

 

+24°C Тегеран
+7°C Москва
+13°C Нур-Султан
+14°C Бишкек
+14°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+16°C Ташкент

Соцсети