БИШКЕК, 17-январь. — Eurasia Today. Президент Садыр Жапаровдун кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү аяктады.
Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 10-январдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккан.
Мамлекет башчынын эмгек өргүүсүнө чыкканына байланыштуу 10-январда өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз онлайн сессиясына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан.