• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
361 Категория: Политика - Published: 27/11 - 11:37

БИШКЕК, 27-ноябрь. — Eurasia Today.  Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоого байланыштуу үгүт иштери 27-ноябрда таңкы саат 8ден баштап токтоду.


Мыйзамга ылайык добуш берүүгө бир күн калганда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 287 талапкер ат салышууда.

Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Былтыр 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. Жаңы келген бийлик жаңы Конституция кабыл алып, өлкө президенттик башкарууга өткөн.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы мөөнөтүнөн бир жыл ашык иштеп жатат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
0.00
EUR
96.00
-0.12
KZT
0.20
+0.21
RUB
1.10
-0.88
TJS
7.50
-0.02
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-15°C Москва
-11°C Нур-Султан
+5°C Бишкек
+2°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+7°C Ташкент

Соцсети