• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
451 Категория: Политика - Published: 24/11 - 11:20

БИШКЕК, 24-ноябрь. — Eurasia Today. Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоонун иш аракеттерине катышкан бир катар маданият кызматкерлери кызматтан бошотулуп, дисциплинардык чара көрүлдү.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматта бул аракет Кыргызстандын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарын эркин, таза жана ачык айкын өткөрүүнү камсыз кылуу чаралары жөнүндөгү” жарлыгын ишке ашыруу максатында жасалганы айтылат.

Шайлоо өнөктүгүнө катышкандыгы аныкталып кызматтан кеткен жана чара көрүлгөн кызматкерлерин тизмеси:

Маданият тармагы:

1. С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Ж. С. – иштен бошотулду;

2. “Манас” театрынын директору – А. Б. уулу –өз арызы менен иштен бошотулду;

3. Алай районунун маданият үйүнүн директору И.Э. – өз арызы менен иштен бошотулду.

4. А. Сүйүнбаев атындагы Куршаб балдар музыкалык мектебинин мугалими А. уулу М. – сөгүш берилди;

5. Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинин директорунун орун басары – сөгүш берилди;

Спорт тармагы:

6. Токмок шаарындагы бокс боюнча машыктыруучу М. И. Д - өз арызы менен кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга, кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын кайсы бир талапкердин же саясий партиянын пайдасына колдонууга тыюу салуу тууралуу буйрук чыккан. Бул буйрукту бузган учурда тартип жазасына тартылары же болбосо ээлеген кызматынан бошотулаары эскертилген.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
0.00
EUR
96.00
-0.12
KZT
0.20
+0.21
RUB
1.10
-0.88
TJS
7.50
-0.02
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-15°C Москва
-11°C Нур-Султан
+5°C Бишкек
+2°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+7°C Ташкент

Соцсети