• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
810 Категория: Политика - Published: 11/11 - 15:01

БИШКЕК, 11-ноябрь. — Eurasia Today. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, ТМКК 8-саммитине катышуу үчүн Түркиянын Стамбул шаарына учуп кетти.

Өлкө башчысы саммит алкагында Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын башчылары менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууламакчы.

Президент менен расмий делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев,  атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, энергетика министри Доскул Бекмурзаев коштоп кетишти.

Буга чейин, Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын (ТМКК) катышуучу-өлкө башчыларынын «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи саммити өтөрү маалымдалган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
81.57
0.00
EUR
79.55
0.00
KZT
0.17
0.00
RUB
1.36
0.00
TJS
7.92
0.00
TMT
23.16
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+10°C Москва
+14°C Астана
+16°C Бишкек
+13°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети