• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
2795 Категория: Политика - Published: 21/09 - 14:35

БИШКЕК, 21-сентябрь. — Eurasia Today. Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Рыскулова Венера Кадышовна дайындалды.

Буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, бүгүн, 21-сентябрда кол койду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Венера Рыскулова 1981-жылы 13-октябрда Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында туулган.

- 2004-2010-ж.ж. -  «Фондрегистр» жоопкерчилиги чектелген коомунун Жалал-Абад облусундагы филиалы – директордун орун басары;
- 2014-ж. - Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин башкы эсептөө борборунун (ГВЦ) тышкы соода жана отун-энергетикалык баланстын статистикасынын маалыматтарын даярдоо бөлүмү - башкы адис;
- 2014-2016-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин башкы эсептөө борборунун (ГВЦ) колдонуучулар менен иштөө жана байланышты камсыз кылуу бөлүмү – бөлүм башчынын орун басары;
- 2016-ж. - Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин  жыйынтыктоо иштери жана маалыматтарды жайылтуу бөлүмү - Пресс-катчы;
- 2016-ж. - Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын улуттук эсептер жана экономикалык баланстар системасы бөлүмү - башкы адис;
- 2016-2017-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүнө бириктирилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча тобу (Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгы) - башкы адис;
- 2017-2018-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө бөлүмү – референт;
- 2018-2019-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын көзөмөл жана жарандардын кайрылуулары бөлүмү – Референт;
- 2019-ж.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясынын регламент жана Өкмөттүн отурумун уюштурууну камсыздоо бөлүмү – Референт;
- 2019-2021-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясынын жарандардын кайрылуулары сектору – Референт;
- 15.04.2021 - бүгүнкү күнгө чейин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмү - Эксперт.
Эки жогорку билимдин ээси, Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети