• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
293 Категория: Политика - Published: 14/09 - 10:53

БИШКЕК, 14-сентябрь. — Eurasia Today. "Талибан" Орусия, Кытай жана Иран менен саясий карым-катнашта болгусу келет.

Талиптер Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Амир Хан Мутакинин Орусия, Кытай жана Иранга барышын зарыл деп эсептешти. Бул тууралуу "Талибан" кыймылынын Саясий кеңсесинин өкүлү Сухейл Шахин билдирди.
 «Мен бул өлкөлөргө баруу жана алар менен саясий мамилелерди колдоо зарыл деп эсептейм, бирок бул  өлкөлөр менен болгон эки тараптуу байланыш сүйлөшүүлөр жүрүшүндө чечилет”, - деди ал.
Сухейл Шахин мындай деп кошумчалады: “Чет өлкөгө расмий сапарлар биз тараптан пландаштырылган, бирок алар башталаарда эки тараптуу деңгээлде чечилиши керек, тагыраак айтканда, өлкөлөр эки тараптуу деңгээлдеги бул визитти талкуулашы керек".
Ооганстандын чет элдик өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин алмаштыруу мүмкүндүгү тууралуу суроого, ал керек болсо өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деп жооп берди, бирок баары ТИМдин жаңы жетекчилигинин чечимдеринен көз каранды деп тактады.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
+0.01
EUR
98.78
+0.08
KZT
0.20
+0.40
RUB
1.21
+1.04
TJS
7.51
+0.01
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+17°C Тегеран
+6°C Москва
+3°C Нур-Султан
+16°C Бишкек
+14°C Алматы
+20°C Дүйшөмбү
+14°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети