• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
241 Категория: Политика - Published: 10/09 - 09:31

БИШКЕК, 10-сентябрь. — Eurasia Today. Кыргыз Республикасына Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесине катышуу үчүн Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов тосуп алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 2021-жылдын 10-сентябрында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмеси, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.

Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу жана «Маариф» мектебинин ачылышы пландалууда.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
+0.01
EUR
98.78
+0.08
KZT
0.20
+0.40
RUB
1.21
+1.04
TJS
7.51
+0.01
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+17°C Тегеран
+6°C Москва
+3°C Нур-Султан
+16°C Бишкек
+14°C Алматы
+20°C Дүйшөмбү
+14°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети