• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
333 Категория: Политика - Published: 09/09 - 10:35

БИШКЕК, 8-сентябрь. — Eurasia Today. Өзбекстан Ооганстанда убактылуу өкмөттүн түзүлгөндүгүн колдойт жана кызматташууга даяр.

Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ТИМи расмий билдирүүсүндө маалымдады.

Маалыматта Өзбекстан Ооганстандын убактылуу өкмөтүн колдой турганын баса белгилеп, бул чечим Кабулда тынчтыктын бекемделишине өбөлгө түзүп, туруктуулуктун башталышы болоруна ишеним артарын билдирген. Ошондой эле, билдирүүдө Өзбекстан жаңы Ооганстан менен өз ара кызматташууга даяр экени айтылат.

Эскерте кетсек, “Талибан” бийликти басып алгандан кийин дээрлик үч жумадан соң жаңы убактылуу өкмөттүн курамын жарыялап, башчылыгына молдо Мухаммед Хасан Ахундду дайындашканын жарыялашкан.

Аталган кыймылдын өкүлү Забиулла Муджахиддин билдирүүсүнө ылайык, жаңы өкмөттүн мүчөлөрү 11-август күнү ант беришет.

Белгилей кетек, 6-сентябрда талиптер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын да өз көзөмөлүнө алганын кабарлаган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
+0.01
EUR
98.78
+0.08
KZT
0.20
+0.40
RUB
1.21
+1.04
TJS
7.51
+0.01
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+17°C Тегеран
+6°C Москва
+3°C Нур-Султан
+16°C Бишкек
+14°C Алматы
+20°C Дүйшөмбү
+14°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети