• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
613 Категория: Политика - Published: 08/09 - 15:26

БИШКЕК, 8-сентябрь - Eurasia Today. “Талибан” кыймылы бийликти басып алгандан кийин дээрлик үч жумадан кийин жаңы убактылуу өкмөттүн башчылыгына молдо Мухаммед Хасан Ахундду дайындашты.

Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы маалымдады.

Ахунд талибтердин мекени Кандагардан болот.
Ал 1990-жылдардын ортосунда Ооганстандын көпчүлүк аймагын көзөмөлгө алган “Талибан” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Молдо Ахунд 2001-жылдын январь айынан бери БУУнун санкциялар тизмесинде.

2009-жылга карата Мухаммад Хасан Ахунд "Талибандын" жетекчилик кеңеши - Шуранын мүчөсү болгон.  Андан кийин ал Шуранын башчысы болгон.

Ал буга чейин 1996-2001-жылдары "Талибандын" акыркы бийлиги учурунда тышкы иштер министр, кийин премьер-министрдин орун басары болгон. Ал ошондой эле “Талибан” режиминин тушунда Кандагардын губернатору болгон.

Ал молдо Мухаммед Омардын ( "Талибандын" лидери, 2011-жылы өлтүрүлгөн) саясий кеңешчиси болгон.

Шейшемби күнү Кабулдагы маалымат жыйынында талибтердин басма сөз катчысы Забихулла Мужахид талибтердин негиздөөчүсү Абдул Гани Барадар молдо Ахунддун орун басары болорун айтты.

БУУнун санкциялар боюнча докладында ал Омардын "эң жакын шериги жана саясий кеңешчиси" катары сүрөттөлөт.
Ахунд кыймылда өзгөчө урматталарын “Reuters” агенттигине талибдердин булагы билдирди.
Америкалык күчтөр Ооганстандан чыгып жаткан учурда талибтер өкмөттүк күчтөргө каршы чабуулдарды күчөтүп, 15-августта алар Кабулга кирип, президенттик сарайды көзөмөлгө алышкан.
16-августка караган түнү “Талибандын” саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммад Наим Ооганстандагы согуш аяктаганын, мамлекетти башкаруу формасы жакын арада ачыкка чыгарын айткан.
Ооган президенти Ашраф Гани "кан төгүүнү болтурбоо" үчүн, өлкөдөн чыгып кеткен.
Кечээ, 7-сентябрда “Талибан” Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн жаңы курамын жарыялады. Мухаммад Хасан Ахунд - премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп калды.
Абдул Гани Барадар - жаңы министрлер кабинетинин башчысынын орун басары.
Молдо Абдул Салам Ханафи – экинчи орун басары.
Мухаммад Якуб Муджахид – коргоо министри.
Кари Фасихуддин - Башкы штабдын башчысы.
Сираджуддин Хаккани - Ички иштер министрлигинин башчысы.
Хайрулла Хайрхва - Маданият жана маалымат министри.
Забихулла Муджахид - Маданият жана маалымат министринин орун басары.
Амир Хан Моттаки - Тышкы иштер министри.
Шейх Мавлави Нурулла Мунир - Билим берүү министри.
Мохаммад Ханиф – Экономика министри.
Мохаммад Идрис - Борбордук банктын башчысы.
Хидаятулла Бадри - Каржы министри.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
+0.01
EUR
98.78
+0.08
KZT
0.20
+0.40
RUB
1.21
+1.04
TJS
7.51
+0.01
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+17°C Тегеран
+6°C Москва
+3°C Нур-Султан
+16°C Бишкек
+14°C Алматы
+20°C Дүйшөмбү
+14°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети