БИШКЕК, 9-август. — Eurasia Today. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президенттикке дагы талапкерлигин койду.
Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Өзбекстан Либерал-демократиялык партиясынын саясий кеңеши өлкөнүн өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун сунушу менен учурдагы президент Шавхат Мирзиёевдин кийинки мөөнөткө да талапкерлигин көрсөтүштү.
Мындай чечим аталган партиянын күзүндө боло турган президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү маселеси боюнча кезектеги жыйында кабыл алынды.
Ошондой эле, Өзбекстан элдик-демократиялык партиясынан Максуда Варисова, Улуттук кайра жаралуу партиясынан Алишер Кадыров, Экология партиясынан Нарзулла Обломуродов жана «Адилет» партиясынан Бахром Абдухалимов да, президенттикке талапкерлигин коюшту.
Шавкат Мирзиёев өлкө башына 2016-жылы мурдагы президент Ислам Каримов дүйнөдөн өткөндөн кийин келген.
Коңшу өлкөдө ушул жылдын 24-октябрында президенттик шайлоо өтөт.
Валюта курсу
Аба ырайы