225 Категория: Политика - Published: 23/07 - 18:00

БИШКЕК, 23-июль. — Eurasia Today. Быйыл, 24-октябрда Өзбекстанда президенттик шайлоо өтөт.

Коңш өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-июлда президенттик шайлоо өнөктүгү башталганын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Президенттикке «Адолат» социал-демократиялык партиясы, «Миллий тикланиш» демократиялык партиясы, Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы, Элдик демократиялык партия жана Экологиялык партиясы талапкерлерди көрсөтө алышат.

Өзбекстанда президентикке жашы 35тен өйдө, мамлекеттик тилди мыкты деңгээлде билген, шайлоо болгонго чейин Өзбекстанда 10 жыл жашаган жаран талапкер боло алат.

Өлкөдө президент 5 жылга шайланат. Акыркы президенттик шайлоо 2016 -  жылы декабрь айында болгон. Анда 3 атаандашын артта калтырып, добуштардын 88, 61 пайызын алган Шавкат Мирзиеев утуп чыккан.

Буга чейин, Өзбекстанда президенттик шайлоону өткөрүүгө 300 млрд сум (28 млн 307 миң доллар) кетери маалымдалган эле.

Теги: