• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
379 Категория: Политика - Published: 23/07 - 15:43

БИШКЕК, 23-июль. — Eurasia Today.  Талибан ооган өкмөтүнө жаңы шарт койду.

Талап аткарылган соң алар ок атышууну токтотууга убада беришти.  Бул тууралуу "Ассошиейтед Пресс" агенттиги билдирди.
Доха шаарындагы Талибан кыймылынын саясий кеңсесинин өкүлү  Сухайля Шахинанын билдирүүсүнө караганда, Талибан Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин кызматтан кетишин талап кылууда.
Ошол эле учурда, Талибан мамлекет башчысынын кызматтан кетиши ок атышууну токтотуунун негизги шарты болорун белгилешти.
Маалыматта согушкерлер провинциялардын борборлоруна кол салуудан алыс болуп, Кабулду басып алуу пландары дагы жок экендиги айтылат.

Эске салсак, буга чейин БЧБнын(ЦРУ) директору Уильям Бернс "Ооганстандагы радикал Талибан кыймылынын аскердик ийгиликтери кооптонууну жаратат",- деп айткан. Ошол эле учурда, ал "Тенденция өлкө бийлигинин сөзсүз түрдө кулашын билдирбейт",- деп баса белгилеген.

Ооганстанда өкмөттүк аскерлер менен Талибандын ортосунда тирешүү жүрүп жатат. Согушкерлер жаңы күч менен июнь айынын аягында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кетип, учурда активдеше баштаган. Расмий маалыматтар боюнча, 398 уездин ичинен 200дөн ашыгы Талибандардын көзөмөлүнө өткөн. Катуу кагылышуулар айрыкча Тажикстан, Иран жана Түркмөнстан менен болгон чек араларда болуп жатат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.78
0.00
EUR
99.84
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.17
0.00
TJS
7.49
+0.05
TMT
24.23
+0.06
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+32°C Тегеран
+4°C Москва
+10°C Нур-Султан
+25°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети