• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
86 Категория: Политика - Published: 21/06 - 17:07

БИШКЕК, 21-июнь. — Eurasia Today. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова 18-июнда Корея Эл аралык кызматташтык Агенттигинин (KOICA) Президенти Хёк Санг Сон мырза менен жолугушуп, бир катар долбоорлордун жүрүшү жана жакынкы жылдарга кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Бул тууралуу КР ТИМнин маалымат кызматынан кабарлашты.

KOICA Президенти ушул жылдын башында Кыргызстан Корея Республикасынын артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине киргизилгенин маалымдап, долбоорлорду ишке ашырууда көп тармактуу ыкманы баса белгиледи. Элчи Динара Кемелова айылдарды жана аймактарды, айыл чарбасын, билим берүүнү, санариптештирүүнү, өрт коопсуздугун жана башка маанилүү социалдык-экономикалык тармактарды өнүктүрүүгө багытталган жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстандын автоматташтырылган шайлоо тутумун өркүндөтүүгө, ирригациялык инфраструктураны жакшыртууга жана элди таза суу менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү суранды.

Маектешүүчүлөр адамдык ресурстардын жана инфраструктуранын потенциалын жогорулатуу боюнча пикир алмашып, COVID-19 пандемиясы жайылуу шартында саламаттыкты сактоо, маалыматтык технология, билим берүү жана адистерди даярдоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдү жана кызматташтыкты улантууга макулдашышты.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети