• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
279 Категория: Политика - Published: 17/06 - 11:52

БИШКЕК, 17-июнь. — Eurasia Today. АКШ президенти Жо Байден Женевада өткөн саммитте орусиялык кесиптеши Владимир Путинге авиатор формасындагы күндөн коргоочу көз айнек жана хрусталь статуэткасын белек кылды.

Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматынын шаршемби күнү жарыялаган билдирүүсүндө айтылат.

Ак үйдүн билдиришинче, авиатор формасындагы күндөн коргоочу көз айнек Randolph компаниясы тарабынан буйрутма менен жасалган. Аталган компания АКШнын жана НАТОнун аскердик учактарынын учкучтары үчүн көз айнек чыгарат.

Ал эми Путин Байденге орустун улуттук орнаменттери түшүрүлгөн жазуу шаймандарын белек кылганын президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн лидерлеринин Женевадагы сүйлөшүүлөрү жалпысынан беш саатка жакын созулган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.78
0.00
EUR
99.84
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.17
0.00
TJS
7.49
+0.05
TMT
24.23
+0.06
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+32°C Тегеран
+4°C Москва
+10°C Нур-Султан
+25°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети