• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
519 Категория: Политика - Published: 10/06 - 13:04

БИШКЕК, 10-июнь. — Eurasia Today. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарага расмий сапар менен барган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду тосуп алууда кол чатыр кармап турганы социалдык тармактарда катуу талкуу жаратты.

Түрк лидеринин Жапаровдун жанында кол чатыр кармап турган сүрөтүнө социалдык тармактардын колдонуучулар ар кандай баа беришүүдө. Айрымдары "Түркиянын коргоосу алдында Кыргызстан дайыма ушинтип жылмайып, башын өйдө көтөрүп жана ишенимдүү кадам таштайт", десе, кээ бирлери "агалык мамиле", "мен бул жерден камкордукту көрө алдым" деген сыяктуу комментарийлерди калтырышкан.

Эскерте кетсек, кечээ, 9-июнда Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барып, Президент Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуп, эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду. Ошондой эле, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, мамлекеттер ортосундагы көйгөйлөр талкууланды.

Жогорудагы сүрөттө Кыргызстандын Президентин тосуп алууда Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган кол чатыр кармап, ага жол көрсөтүп турганын көрүүгө болот.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети