• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
51 Категория: Политика - Published: 09/06 - 16:52

БИШКЕК, 9-июнь. — Eurasia Today. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында «Аныткабир» мемориалдык комплексине — Түркия Республикасынын биринчи Президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган жерге барды.

Садыр Жапаров Түркиянын мамлекеттик жана саясий улуу ишмеринин бейитине гүлчамбар коюп, анын элесине таазим кылды.

Мамлекет башчысы мавзолейдин музейин көрүп чыгып,  ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

«Аныткабир» мемориалдык комплекси Мустафа Кемал Ататүрктүн мамлекетинин жана элинин алдында сиңирген эмгегине урмат көрсөтүүчү символу катары тургузулган. 750 чарчы метр аянтты ээлеген бул комплексте мавзолей, музей, парк жана башка объекттер бар.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+14°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети