• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
85 Категория: Политика - Published: 27/04 - 10:43

БИШКЕК, 27-апрель. — Eurasia Today. Вашингтон Вена саммитинин үчүнчү айлампасына катышууга даяр жана алдыдагы узак сүйлөшүүлөрдү күтүп жатат.

Бул тууралуу  АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, АКШнын делегациясы ушул аптада Венада баштала турган өзөктүк келишим боюнча Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планынын сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасына катышат жана Вашингтон сүйлөшүүлөрдүн "узак жолун" күтүп жатат.

"АКШнын атайын чабарманы Роб Мали эртең Венага барат. Биз кыйыр сүйлөшүүлөрдүн эки айлампасын аяктадык. Атайын өкүлүбүз Мали жана анын командасы үчүнчү айлампага катышат”, - деп билдирди Нед Прайс.

Ал сүйлөшүүлөрдүн канча убакытка созулушу мүмкүндүгү тууралуу берилген суроого: "Алдыда узак жол күтүп турат", - деп жооп берди.

Бир нече жумадан бери Венада өзөктүк келишимдин комиссиясынын бетме-бет жолугушуулары жана бей расмий жолугушуулар ар кандай форматта өтүп жатат. Биринчи жумадагы жолугушуулардын натыйжасында, өзөктүк маселелер жана Иранга каршы санкциялардын алынып салынышы боюнча эксперттердин эки тобу келишимди толук ишке ашырууга аракет кылып жатышат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети