• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
57 Категория: Политика - Published: 26/04 - 13:00

БИШКЕК, 26-апрель. — Eurasia Today. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Бангкокто (Тайланд) видеоконференция форматында өтө турган Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясынын ачылышына катышат.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп, аталган Уюмдун мындан аркы өнүгүүсү жана коронавирус пандемиясы учурунда региондо экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу жөнүндө көз карашын билдирет. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясына мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери катышат.

Уюмдун 77-сессиясы 2021-жылдын 26-апрелинен 29-апрелине чейин өтөт. Анда “Азия-Тынч океан регионундагы кызматташуунун негизинде “мурдагыга караганда жакшы” принциби менен кризистик кырдаалдан чыгуу” темасы талкууланат.

Иш-чара Бишкек убактысы боюнча саат 12: 00дө башталат. Түз эфирдин шилтемеси - https://www.youtube.com/watch?v=UMDhVO6iBpQ

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети