• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
64 Категория: Политика - Published: 22/04 - 10:11

Дипломаттарга өлкөдөн чыгып кетүүгө бир ай убакыт берилди.

Бул тууралуу “Eurasi Today” агенттиги орус маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен маалымдайт.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги ошондой эле "АКШнын мыйзамсыз санкцияларынын толкунуна" жооп иретинде  башка чараларды көрүүнү убада кылды.

Орусиянын бийлиги америкалык  10 дипломатты “персона нон грата” деп жарыялады. Алар бир айдын ичинде, тагыраагы 21-майга чейин, өлкөдөн чыгып кетиши керек. Мындай чечим Орусиянын АКШдагы элчилигиндеги жана башкы консулдугундагы орусиялык дипломаттарга каршы америкалык тараптын душмандык иш-аракеттерине жооп катары кабыл алынды”, - деп айтылат Орусиянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү нота Америка элчисинин орун басары Бартл Горманга тапшырылды. Ал кечээ эртең менен тышкы иштер министрлигине чакырылган болчу. Министрлик ошондой эле жакынкы келечекте АКШнын Орусияга каршы санкцияларынын акыркы толкунуна карата башка чараларды көрүүгө убада берди. Вашингтон Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизери 15-апрелде жарыяланган.

АКШ президенти Жо Байдендин тийиштүү жарлыгында Орусия өлкөдөгү жана союздаш өлкөлөрдөгү демократиялык шайлоолорду бузуу аракеттерине, трансулуттук коррупцияга жооптуу экендиги,  ошондой эле хакердик чабуулдарга катышкандыгы айтылган. АКШ Орусиянын федералдык насыя облигацияларына тармактык санкцияларды жана шайлоого кийлигишүүгө жана жалган маалымат таратууга көмөктөш деп эсептеген 32 юридикалык жакка жана жеке адамдарга, ошондой эле Крымга байланыштуу 8 юридикалык жана физикалык тараптарга чектөө чараларын киргизген. Мындан сырткары АКШ орусиялык 10 дипломатты өлкөдөн чыгарат.

Орусия жооп чараларын көрүүнү, анын ичинде алардын дипломатиялык кызматкерлерин симметриялуу түрдө чыгарып салуудан тышкары, АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө орусиялыктарды же башка өлкөлөрдүн жарандарын ишке алууга тыюу салууну, ошондой эле америкалык дипломаттардын санын чектөөнү убада кылган.

санМындан тышкары, Москва АКШнын администрациясынын учурдагы жогорку даражалуу алты аткаминерине жана мурдагы жогорку даражалуу эки аткаминеринин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуу  жана АКШнын Мамлекеттик департаменти жана башка мамлекеттик мекемелер тарабынан көзөмөлдөнгөн америкалык фонддордун жана бейөкмөт уюмдардын ишин токтотуу чечимин кабыл алышты.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети