• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
222 Категория: Политика - Published: 14/04 - 11:21

Жо Байден менен Владимир Путин быйыл жай айларында жолугушат.

АКШнын Ак үйүнүн басма сөз катчысы Жен Псаки Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Жо Байдендин жолугушуусунун болжолдуу датасын жарыялады. Бул тууралуу “EurasiaToday” агенттиги чет элдик маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен кабарлайт.

Псакинин айтымында, эки өлкөнүн лидерлери жайында жолугушуусу мүмкүн, бирок, саммит өтө турган жер жөнүндө айтуу али эрте.
Брифингде Псаки журналисттердин жолугушуу жайында болушу мүмкүнбү деген суроосуна, “Алдыдагы айлар жай мезгили болот. Биз бул процесстин баштапкы баскычында турабыз. Толугураак маалыматтар болгондо, баарыңарга кабарлап коёбуз", - де жооп берди.

Путин-Байдендин телефондогу сүйлөшүүсү жана АКШ лидери орусиялык кесиптеши менен жакынкы айларда жолугушууну пландаштырып жатканы тууралуу Ак үй буга чейин кабарлаган. Эки тарап эки өлкөнүн мамилелерине байланыштуу бардык маселелерди талкуулоону көздөп жатышат.

Кийинчерээк Кремль билдиргендей, телефон чалуу Америка тараптан демилгеленген. Эки өлкөнүн башчылары телефондо стратегиялык коопсуздук, курал-жаракты көзөмөлдөө, Ооганстандагы кырдаал жана глобалдык климаттын өзгөрүшүн талкуулашкан.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети