• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
26 Категория: Политика - Published: 13/04 - 13:34

Бишкек, 13-апрель, 2021-жыл./"Евразия тудей" - Асанбек Каракозуев, Ош/. Ош шаардык кеңешине шайлоого катышкан “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, “Улуу Журт”, “Республика”, “Бир Бол”, “Тилектештик” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиялары шайлоо ыплас өттү деп эсептей тургандыгын айтышып, ушул жети партия өкүлдөрү шайлоонун жүрүшүнө жана жыйынтыгына нааразы болуп, президентке кайрылуу жолдошот.

Алар Ош шаардык мэриясы мыйзам бузууга барды деп мэр Таалайбек Сарыбашевдин жоопкерчилигин карап чыгууну талап кылышууда.

11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышкан. Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы менен төрт партия 7% чектен ашты.

"Ата-Журт Кыргызстан" 48,8%, "Улуттар Биримдиги" 18,0%, "Ыйман Нуру" 8,1%, "Ынтымак" 7.5% добуш алды. Мыйзамга ылайык, бул партиялар босого чектен өттү жана мандаттар ушулардын арасында бөлүштүрүлөт.

Бирок жеңишке жеткен "Улуттар Биримдиги" партиясы жана 7% босого чекке жетпей калган "Республика", "Бүтүн Кыргызстан", "Ишеним", "Улуу Журт" жана "Бир Бол" партиялары добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашкан.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн тогуз партиядан 702 талапкер катталган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети