• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
26 Категория: Политика - Published: 09/04 - 12:34

 Премьер-министр Улукбек Марипов Кshusp Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. 

Өкмөт башчы Кытай Өкмөтү тараптан коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза «Sinopharm» вакцинасы түрүндө көрсөтүлгөн көмөгүнө ыраазычылык билдирди.

«Мамлекет башчы Кытай Эл Республикасына кыргыз элине берилген вакцинасы үчүн ыраазычылыгын билдирет.Үстүбүздөгү жылдын 29-мартынан тарта республикада вакцинациялоонун биринчи этабы башталды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча «Sinopharm» вакцинасын 700дөн ашуун адам алды. Медиктердин айтымында, вакцина алагандардын бардыгынын абалы канааттандыраарлык, кандайдыр-бир олуттуу терс таасирлери байкалган жок. Биз үчүн тобокелдик зонасына кирген жарандарды вакцинациялоо артыкчылыктуу маселе болуп саналат», - деди Улукбек Марипов. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт, соода, инвестициялар, өлкөлөр ортосундагы авиакаттамдардын жандандырылышы жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын катарында «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши боюнча маселелер талкууланды. 

Улукбек Марипов белгилегендей, көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иши тараптардын кызыкчылыгына дал келген жүк ташуулардын көлөмүн жогорулатууга жана мындан ары Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы өз-ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

КЭР элчиси Ду Дэвэнь саламаттык сактоо жана өзгөчө кырдаалдар жана башка тармактар боюнча техникалык көмөк көрсөтүү жаатындагы гранттык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча учурдагы абал тууралуу маалымдады.

Өкмөт башчы Ду Дэвэнге кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле келечекте Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы эки тараптуу мамилелерди, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даярдыгын билдирди.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети