• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
54 Категория: Политика - Published: 03/04 - 12:39

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары АКШнын санкцияларынын алынып салынышын өзөктүк келишимдин жанданышы үчүн биринчи кадам деп атады.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, 2-апрелде Ирандын өзөктүк программасы боюнча Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планынын Биргелешкен Комиссиясынын виртуалдык жыйыны болду.
Келишимдин жоболоруна ылайык, Биргелешкен Комиссия келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн жооптуу болуп эсептелет.
Европа Биримдигинин жогорку өкүлү Жозеф Боррелдин атынан уюмдун тышкы саясат кызматынын башкы катчысынын орун басары Энрике Мора төрагалык кылган Биргелешкен Комиссиянын жыйыны Кытай, Франция, Германия, Орусия, Улуу Британия жана Ирандын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын жана саясий жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Жыйында Иран делегациясын Тышкы иштер министринин саясий орун басары Сейед Аббас Аракчи жетектеди.
2020-жылдын 21-декабрындагы министрлердин биргелешкен билдирүүсүнө ылайык, мүчөлөр АКШнын өзөктүк келишимге толук кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн карашкан жана маселени оң маанайда жана жамааттык күч менен чечүүгө даяр экендиктерин ырасташкан.
Ирандын Тышкы иштер министринин орун басары жыйында Ирандын принципиалдуу позицияларын түшүндүрүп, АКШнын санкцияларынын алынып салынышын келишимди жандандыруунун биринчи кадамы деп атап, "Иран санкциялар алынып салынып, текшерилгенден кийин, өзөктүк компенсациялык кадамдарды токтотот", - деп билдирди.
Ошондой эле, “АКШны келишимге кайтарып келүү үчүн эч кандай сүйлөшүүлөрдүн кереги жок жана бул багытта Американын жолу ачык-айкын. АКШ келишимден чыгып, Иранга каршы мыйзамсыз санкцияларды киргизген сыяктуу эле, келишимге кайтып келип, мыйзам бузууну токтото алат”, - деп баса белгиледи.
Жыйын алкагында келишимдин мүчөлөрү АКШнын келишимденчыгуусунун катастрофалык өлчөмдөрүнө, Ирандын келишимден алган пайдасына токтолушуп, учурда  убакытты текке кетирбөө керектигин баса белгилешти. Виртуалдык жолугушуунун аягында, тараптар өзөктүк келишимди сактап калууга берилгендиктерин билдиришип, тиешелүү эксперттик топтор аркылуу санкцияларды жана өзөктүк кадамдарды алып салуу чараларын аныктоо үчүн Венада консультацияларды улантуу үчүн Биргелешкен Комиссиянын жыйынын кийинки жумада улантууну чечишти.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек

Соцсети