• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
24 Категория: Политика - Published: 02/04 - 12:29

Орусиянын Тышкы иштер министри ирандык кесиптешинин чакыруусу менен жакында Тегеранга барат.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 13-апрелде иш сапары менен Иранга барат.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы  Мария Захарова өлкөнүн ТИМ жетекчиси Сергей Лавров 13-апрелде ирандык кесиптеши менен эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо үчүн Тегеранга барат.
“Жолугушууда маанилүү эл аралык көйгөйлөр, анын ичинде өзөктүк программа боюнча Биргелешкен иш- аракеттердин планы боюнча абал, ошондой эле Сирия, Ооганстан, Йемен жана Перс булуңундагы кырдаал тууралуу талкуу болору күтүлүүдө”, - деп билдирди Мария Захарова.
Анын айтымында, Орусия менен Ирандын тышкы иштер министрлери эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди, биринчи кезекте энергетика жана транспорт жаатындагы маанилүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда соода-экономикалык маселелерди талкуулоону көздөп жатышат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек
+21°C Алматы
+22°C Дүйшөмбү
+30°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети