95 Категория: Политика - Published: 25/03 - 11:33

Түркиянын "Адилеттик жана Өнүгүү" партиясынын 7-конгрессинде өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган 1428  добуш менен кайрадан аталган партиянын төрагасы болуп шайланды.

"Anadolu" агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, шаршемби күнү Анкара шаарында Спорт ордосунда өткөн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын 7-кезектеги чоң курултайында партиянын төрагасы шайланды. Президент Режеп Таййип Эрдоган 1428 добуштун бардыгын алып, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы болуп кайрадан шайланды.
Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Конгресс Кеңешинин төрагасы Али Ихсан Явуз шайлоонун жыйынтыгы боюнча 1431 добуш берилгенин, 1428 добуш жарактуу, 3 добуш жараксыз деп табылганын билдирди.
Ошондой эле, курултайдын алкагында Адилет жана өнүгүү партиясынын башкармасынын мүчөлөрү шайланды.

Теги: