• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
23 Категория: Политика - Published: 18/03 - 13:07

АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путин АКШдагы 2020-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкени үчүн “акы” төлөй тургандыгын ABC News каналына берген маегинде билдирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. 16-мартта АКШнын чалгындоо кызматы өз докладында Москваны Дональд Трампты колдоого, Байдендин беделин түшүрүүгө жана Америка коомчулугунда араздык туудурууга аракет кылган деп айыптаган. Шайлоого таасир этүүгө аракет кылгандардын катарына Иран, Хезболла жана Куба кирет. Кытай жөнүндө айтылган эмес.

Кремль бул докладды “негизсиз” деп атады. Президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков Москва АКШдагы бир дагы шайлоого кийлигишпегенин айтып, мындай сапаттан алыс материалдар жаңы санкциялар үчүн шылтоо катары колдонулат деди. Орусия шайлоого катыштыгы бар деген айыптоолорду бир нече жолу четке кагып келген.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек

Соцсети