• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
121 Категория: Политика - Published: 15/03 - 13:46

12 конгрессмен АКШнын мамлекеттик катчысына "Кылым келишимин" жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды.

Бул тууралуу “Middle East Eye” басылмасы жазганын “Parstoday” агенттиги маалымдады.
12-мартта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын 12 сенатору жана депутаты Энтони Блинкенге эки башка кат жөнөтүп, сионисттик режимди сындап, АКШ өкмөтүн “Кылым келишимин” жокко чыгарууга жана анын ордуна палестиналыктардын укуктарын калыбына келтирүү боюнча иш алып барып, Бириккен Улуттар Уюмунун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигин (UNRWA) каржылоону калыбына келтирүүгө чакырышкан.
2019-жылы 28-январда АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп сионисттик режимдин премьер-министри менен биргеликте Израилдин кызыкчылыгына ылайык "Кылым келишими" деп аталган таңууланган компромисс планын жарыялаган.
АКШ-сионисттик план Кудсту расмий түрдө сионисттик режимдин борбору деп таанып, Иордан дарыясынын Батыш жээгинин 30 пайызын Израилге өткөрүп берип, палестиналык качкындардын мекенине кайтаруусуна тыюу салат жана палестиналыктарды куралсыздандырат.
Рашид Тлайб жана Марк Паукан тарабынан демилгеленген америкалык конгрессмендердин катында, "Биз Байдендин өкмөтү айрым аймактардын Израилге кошулушуна каршы болуп жаткандыгына абдан кубанычтабыз, бирок Израилдин палестиналыктардын үйлөрүн бузуу менен Батыш Шерианы, анын ичинде Чыгыш Кудсту колониялаштыруусунун улантуусу туруктуу жана чыныгы аннексиянын бир түрү болуп саналат. Буга Америка Кошмо Штаттары ачык каршы турушу керек”, - деп жазылган.
Ошондой эле, конгрессмендер Израиль оккупациялоочу тарап катары эл аралык укукка ылайык, анын көзөмөлүндөгү бардык адамдардын ден-соолугун жана бакубаттуулугун камсыз кылууга милдеттүү экендигин баса белгилешкен.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
102.46
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
+0.01
TMT
24.23
+0.01
UZS
0.01
+1.25

Аба ырайы

 

+22°C Тегеран
+12°C Москва
+12°C Нур-Султан
+17°C Бишкек
+17°C Алматы
+18°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+20°C Ташкент

Соцсети